Интернационалдаштырууга арналган төгөрөк стол өттү

Башкы Жаңылыктар

Интернационалдаштырууга арналган төгөрөк стол өттү

Image

Орусиянын Түштүк федералдык университетинин  «XXI кылымдагы университеттик педагогикалык билимдин миссиясы» (Миссия университетского педагогического образования в XXI веке) аттуу III эл аралык илимий-билим берүүчүлүк форумунун алкагында Урал мамлекеттик педагогикалык университетинде «Борбор Азия өлкөлөрү менен иштөөнүн мисалында мугалимдердин билимин интернационалдаштыруу» (Интернационализация педагогического образования на примере работы со странами Центральной Азии) аттуу онлайн төгөрөк стол болду.

Иш-чара педагогикалык билим берүүнү интернационализациялоо аспектисинде эл аралык өнөктөштүк байланыштарды кеңейтүү максатында өттү.

Онлайн жыйынга ОшМУдан эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев, академиялык мобилдүүлүк бөлүмүнүн башчысы Семетей Амиралиев катышты.

Абдыганы Абдувалиев “ОшМУда билим берүүнүн интернационализациясы: Көйгөйлөр жана Келечек” (Интернационализация образования в Ошском государственном университете: проблемы и перспективы) аттуу докладында интернационализация процесси боюнча ОшМУда аткарылып жаткан  биргелешкен билим берүү программалары (тармактык билим берүү), чет элдик окуу жайлар менен биргелешкен факультеттер, структуралык бөлүмдөр, билимди экспортоо багытындагы иштерге токтолду.

Абдыганы  Абдувалиев тарабынан эки окуу жайдын педагог-окумуштууларынын катышуусунда жакынкы күндөрү «Азыркы мугалим кандай болушу керек?»  (Каким должен быть современный педагог?) атуу төгөрөк стол өткөрүү сунушталды.

ОшМУ менен УрМПУ кызматташуу келишимине быйылкы жылдын 30-апрелинде кол коюп, “Башталгыч билим берүү жана англис тили” багыты боюнча окутууну тармактык формада (сетовая форма обучения) жүргүзүү макулдашылган.

Фото галерея