ОшМУ Сум мамлекеттик университети менен виртуалдык академиялык мобилдүүлүк боюнча долбоор баштады

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Сум мамлекеттик университети менен виртуалдык академиялык мобилдүүлүк боюнча долбоор баштады

Image

ОшМУ менен Украинанын Сум мамлекеттик университетинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын алкагында 2021-2022-окуу жылына карата студенттердин виртуалдык академиялык мобилдүүлүгү боюнча кызматташа баштады.

Аталган долбоор ОшМУнун клиникалык базаны өнүктүрүү жана дарылоо иштери боюнча проректору Роман Калматов жана Сум мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору  Роман Москаленконун кызматташуусунун алкагында башталган.

Алгачкы жолу ишке ашып жаткан студенттердин виртуалдык академиялык мобилдүүлүгү боюнча долбоордун алкагында дарылоо иши адистигиндеги 3-курстун студенттери үчүн патологиялык физиология предмети боюнча сабактар башталды.

Семестр ичи патологиялык физиология предметинен ОшМУнун студенттерине  Украиналык профессор Атаман Александр лекция окуйт. Ал бир нече китептердин автору, патологиялык физиология боюнча белгилүү окумуштуу. Ал эми практикалык сабактарды  доцент Виктория  Ильина алып барат.  

Сум мамлекеттик университетинин студенттери үчүн лекцияны ОшМУдан профессор Роман  Калматов окуса, практикалык сабактарды доцент Ибрагим Атабаев алып барат.

 Алгачкы сабактар 22-сентябрда башталды, учурда студенттер менен вируалдык сабакта пикир алышкан доцент Виктория  Ильина өзүнүн социалдык баракчасында биринчи сабактан кийин студенттердин билимге болгон ынтызарлыгына, билимдүүлүгүнө жана тартиптүүлүгүнө баа берген.  

Виртуалдык платформада биринчи жолу ишке ашып жаткан долбоордун окуу процессинде гана эмес илимий, медициналык багытта да орду бар.  

Фото галерея