ОшМУ Ташкенттеги эл аралык форумда бир катар университеттер менен келишим түздү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Ташкенттеги эл аралык форумда бир катар университеттер менен келишим түздү

Image

Ош мамлекеттик университети Ташкент шаарында өткөн Борбор Азиянын эл аралык билим берүү форумунда беш жогорку окуу жай менен кызматташуу келишимдерине кол койду. Келишимдер билим берүү жана илим тармагындагы байланыштарды өнүктүрүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

Форумга ректор, профессор Кудайберди Кожобеков баштаган делегация катышты. Курамында илимий иштер боюнча проректор Дилмурат Турсунов, тышкы байланыштар боюнча проректор Курсантбек Аттокуров, Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев, Чыгыш таануу кафедрасынын башчысы Султанбек Матназаров болду.

Иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Пакистан, Польша, Түркия, Канада жана башка өлкөлөрдүн билим берүү уюмдарынын жетекчилери, окумуштуулар, эл аралык эксперттер чогулду. Анын алкагында Ош мамлекеттик университетинин өкүлдөрү чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен жолугушуп, кызматташуунун келечектеги багыттарын талкуулашты. Жыйынтыгында Жизак политехникалык институту, Фергана мамлекеттик техникалык университети, Ташкент мамлекеттик чыгыш таануу университети, Ургенч мамлекеттик университети, Бухара медициналык университети менен эки тараптуу кызматташуу келишимдерине кол коюлду.

Жолугушууларда биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлорду ишке ашыруу, кош дипломдуу программаларды өнүктүрүү, студенттер менен окутуучулардын академиялык алмашуусун кеңейтүү маселелери талкууланды.

Форум билим берүү жана илим тармагындагы эл аралык байланыштарды чыңдоого, тажрыйба алмашып, жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга багытталды.

Фото галерея