ОшМУнун ректору Борбор Азиянын эл аралык билим берүү форумунда баяндама жасады

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун ректору Борбор Азиянын эл аралык билим берүү форумунда баяндама жасады

Image

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан Борбор Азиянын эл аралык билим берүү форумунда баяндама жасады.

Ал «Өнөктөштүк экосистемасы: университет – мамлекет – өнөр жай» темасында сөз сүйлөп, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо үчүн университеттердин, мамлекеттик органдардын жана бизнес чөйрөсүнүн биргелешип иш алып баруусу маанилүү экенин белгиледи. Мындан тышкары Борбор Азиянын жогорку окуу жайлары мурдагы кызматташтыкты жаңы идеяларга, биргелешкен долбоорлорго негизделген өнөктөштүккө айландыруу боюнча сунуштарын айтты.

27–29-октябрь күндөрү «Өзбекстан» эл аралык форумдар сарайында өтүп жаткан иш-чара «Борбор Азия – билим берүү, илим жана инновациялардын жаңы мейкиндиги» деп аталат. Иш-чара Өзбекстандын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин демилгеси менен уюштурулду. Ага Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын билим берүү тармагына жооптуу министрлери, аймактагы алдыңкы жогорку окуу жайлардын ректорлору, эл аралык эксперттер, уюмдардын өкүлдөрү болуп 1500дөн ашуун делегат катышууда.

Форумда Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы академиялык байланыштарды чыңдоо, билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланып жатат. Анын алкагында пленардык жыйын, министрликтердин жетекчилеринин жабык тегерек столу, эксперттик сессиялар, Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын мүмкүнчүлүктөрүн тааныткан «Study in Uzbekistan» көргөзмөсү уюштурулууда.

Талкууларда студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү, биргелешкен билим берүү программаларын ачуу, дипломдорду өз ара таануу жана мамлекеттер аралык илимий долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине көңүл бурулат. Ошондой эле биргелешкен гранттарды бөлүү, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, Борбор Азия университеттеринин эл аралык рейтингдердеги ордун жакшыртуу жолдору каралууда.

Форум аймактагы жогорку окуу жайлардын байланышын кеңейтүүгө, билим берүү жана илим тармагындагы биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө, Борбор Азиянын дүйнөлүк билим берүү мейкиндигиндеги ордун бекемдөөгө багытталган.

Фото галерея