Урал мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери ОшМУда өндүрүштүк жана окуу талаа практикаларынан өтүшөт

Башкы Жаңылыктар

Урал мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери ОшМУда өндүрүштүк жана окуу талаа практикаларынан өтүшөт

Image

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Урал мамлекеттик педагогикалык университетинен ОшМУга өндүрүштүк жана окуу талаа практикаларын өтөө үчүн келген студенттер менен жолугушту.  Студенттерди Табият таануу, дене тарбия жана туризм институтунун директору, доцент Оксана Янцер жетектеп келген.
Жолугушууда эки окуу жай ортосунда 2021-жылдын 30-мартында түзүлгөн келишимдердин алкагында сөз болуп, мындан ары да студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн, конок лекцияларын уюштуруу, илим, билим берүүдө биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү багытында кызматташтыктарды өнүктүрүү маселелерин сөз кылышты. Ошондой эле студенттерди практиканын соңунда окуу жай тууралуу тассирлер, сунуш-пикирлер менен бөлүшө кетүүсүн айтты. 
Урал мамлекеттик педагогикалык университетинен келген 7 студент  21-сентябрдан 2-октябрга  чейин ОшМУда география, туризм багытындагы профессорлордун лекцияларына катышат. Ошондой эле Ош шаары жана Ош облусундагы тарыхый жана туризм багытындагы белгилүү жайларда изилдөөлөрдү алып барышат.

Фото галерея