ОшМУнун 24 студенти Жумхуриет университетинен билим алып келишет

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун 24 студенти Жумхуриет университетинен билим алып келишет

Image

ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов Түркия мамлекетинин Сивас шаарындагы Жумхуриет университетине билим алууга жөнөп жаткан студенттер менен баарлашты. Жолугушууга Түркия тараптан  эл аралык байланыштар боюнча жооптуу профессор, доктор  Али Аксу онлайн байланыш аркылуу катышты.

2021-2022-окуу жылында аталган университетке ОшМУнун Кыргыз-Түрк, Медицина, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультеттеринен 24 студент эки тараптуу кызматташуу келишимдеринин алкагында билим алып келишет. Өткөн окуу жылында ОшМУнун медицина факультетинин 5 студенти барып, билим алып келишкен.

Академиялык мобилдүүлүк багытында билим алмашып келүүгө аттанып жаткан студенттерге окуу жайдын проректору ийгилик каалап, татыктуу билим алып, тажрыйба алмашып, жакшы жүрүп окуп келүүлөрүн каалады.

ОшМУ тараптан координатор, Эл аралык билим берүү программалары жогорку мектебинин түрк   мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн улук окутуучусу туризм жана мейманкана ишмердүүлүгү боюнча PhD доктор Айнура Кулназарова  мобилдүүлүк боюнча иш-аракеттерди уюштуруп келет. 

ОшМУ  Жумхуриет университети менен Эрасмус + программасы аркылуу 2015-жылдан бери кызматташып келет. 2020-жылдын 30-январында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековдун Туркияга болгон иш сапарында  Жумхуриет университетинин ректору Алим Йылдыз менен эки тараптуу кызматташуу келишимине кол койгон. Ушул жылдын октябрь айында ректор Алим Йылдыздын ОшМУга келүүсү күтүлүүдө.

Фото галерея