22-октябрда Ош мамлекеттик университетинде Казакстандын Улуттук күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү. «Казакстан – билимдин, туруктуулуктун жана кызматташтыктын мекени» аттуу программада казак элинин тарыхы, маданияты жана Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы достук байланыштар чагылдырылды.
Иш-чарага ректор Кудайберди Кожобеков, Казакстандын Ош шаарындагы башкы консулу Карибай Мухтар Ахат уулу, Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин Ош мамлекеттик университетиндеги филиалынын директору Айнура Найманбай, программа жетекчилери, студенттер катышты.
Майрамдык программада коңшу өлкөнүн тарыхы тууралуу маалымат берилип, видеоролик көрсөтүлдү. Студенттер казак акындарынын мекен тууралуу ырларын көркөм окуп, улуттук бийлерди бийлеп, музыкалык чыгармаларды аткарышты.
Ош мамлекеттик университети менен Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин кызматташтыгы билим берүү тармагында да уланууда. Учурда эки окуу жайдын ортосунда бакалавриат боюнча төрт, магистратура боюнча эки кош дипломдуу программа ишке ашырылып жатат. Бул программаларда 100дөн ашуун студент билим алууда. Мындан тышкары эки университетте тең тил жана маданият борборлору иштейт. Борборлор студенттерге казак, кыргыз тилдерин үйрөнүүгө, эки элдин маданияты менен жакындан таанышууга, өз ара байланышты чыңдоого шарт түзөт.