22-октябрда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Винера Раимбачаева Ош мамлекеттик университетинде болду. Ал ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, тараптар кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана алдыдагы иш-чараларды уюштуруу маселелерин талкуулашты.
Винера Раимбачаева жаңы кызматындагы ишин баштаганын белгилеп, өзүнүн иш багыты боюнча окуу жай менен тыгыз кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуштарын айтты.
Жолугушууда ноябрь айында университет менен биргеликте Аялдар форумун өткөрүү маселеси да каралды. Форумда аялдардын коомдогу орду, мүмкүнчүлүктөрү жана бүгүнкү күндөгү актуалдуу маселелер талкууланмакчы.