16-октябрда Кытайдын Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн жаңы энергетикалык унаалар тармагында билим берүү менен өндүрүштү байланыштыруу боюнча биргелешкен коомдоштугун түзүү аземи өттү.
Иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин кыргыз-кытай факультетинин деканы Тыныстан Пазылов катышты. Жыйын Дүйнөлүк кесиптик-техникалык билим берүүнү өнүктүрүү конференциясынын алкагында уюштурулду.
Иш-чарага Кытай, Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан жана Египеттин билим берүү мекемелеринин, кесиптик уюмдарынын, өндүрүш тармагынын өкүлдөрү катышты. Алар жаңы энергетикалык унаалар тармагында өлкөлөр аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, бул багытта адистерди даярдоо маселелерин талкуулашты.
Жаңы түзүлгөн коомдоштук өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдеп, заманбап технологияларды үйрөнүүгө жана жаңы энергетикалык унаалар тармагына керектүү адистерди даярдоого багытталган. Анын алкагында билим берүү мекемелери менен өндүрүш ишканаларынын байланышын күчөтүү, окутуучулардын тажрыйба алмашуусун уюштуруп, студенттердин практикалык билим алуусуна көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүү каралган.
Мындай кызматташтык студенттердин кесиптик билимин жогорулатууга, өндүрүштө колдонулган жаңы технологиялар менен таанышууга жана эмгек рыногуна керектүү адистерди даярдоого жардам берет. Ошондой эле катышуучу өлкөлөрдүн билим берүү мекемелери менен өндүрүш ишканаларынын ортосунда тажрыйба алмашып, биргелешкен иштерди жүргүзүүгө жол ачат.
Бул маалымат Тяньцзинь кесиптик-техникалык педагогикалык университетинин расмий сайтында 20-октябрда жарыяланган.