ОшМУнун студенттери шаардын негизги көчөлөрүн тазалашты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенттери шаардын негизги көчөлөрүн тазалашты

Image

ОшМУнун бардык факультеттеринде жана колледждеринде 18-сентябрда жалпы ишембилик өттү.

Ишембиликте студенттер Ош шаарындагы 8 негизги көчөлөрдөгү арыктарды  тазалап, жол жээктерин шыпырып, таштандыларды чыгарды.  

Окуу жайда мындай ишембиликтер жыл бою  үзгүлтүксүз уюштурулуп келет.

Бул ишембилик өлкөдө өткөрүлүп жаткан “Тазалыктын дүйнөлүк күнү” экологиялык акциясынын негизинде уюштурулду.

Фото галерея