Жаны окуу жылы кадимки шартта башталды

Башкы Жаңылыктар

Жаны окуу жылы кадимки шартта башталды

Image

ОшМУга 1-курска кабыл алынган студенттер үчүн башкы корпуста иш-чара  уюштурулду. Иш чарага ректорат, профессордук-окутуучулук жамаат жана студенттер катышты.
Мында ректор Кудайберди Кожобеков университеттин жалпы жамаатын  жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, буга чейинки жана алдыңкы убакытта жасала турган иш-пландар менен тааныштырды.
Ошондой эле, билим алуучуларды  окуу жайдагы студенттер үчүн түзүлгөн шарттарды туура пайдаланып, терең билим алууга жана  келечекте мыкты адис болууга чакырды.
Студенттерди кабыл алуу  иш-чаралары унивеситеттин бардык факультет, колледж, лицей-гимназияларында өткөрүлдү.
Бул жылы студенттердин басымдуу бөлүгү окуу жайдын медицина, педагогика, экономика жана IT(программалоо) багыттарына окууга тапшырган.

Фото галерея