ОшМУда онлайн сабактарды даярдоо үчүн заманбап борбор иштеп баштады

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда онлайн сабактарды даярдоо үчүн заманбап борбор иштеп баштады

Image

Университеттин Чыгыш таануу жана тарых, юридика факультеттеринин окуу корпусунда  Евро биримдиктин  “Борбордук Азияда толеранттуулук менен тынчтыкты көздөгөн трансчекаралык көп тараптуу диалог” долбоору иштеп баштады. Борбордо онлайн, офлайн жана гибриддик форматта вебинарларды,  сабактарды өткөрүүгө, видео материалдарды санариптик технологияларды колдонуу менен сапаттуу тартууга болот. Ошондой эле, студенттерге, жалпы эле жаштарга  сапаттуу видео, фото тартып социалдык тармактарды туура пайдаланууга мүмкүндүк берет. Мындан сырткары жаштар арасында  түрдүү семинар-тренингдер, дебаттар уюштурулуп өткөрүлөт. Борборго жалпы суммасы 1,5 миллион сомдук  акыркы үлгүдөгү уникалдуу санарип технолиялык жабдуулар жайгаштырылган.

Аталган борбордо  жогорку сапаттагы видео материалды даярдоо үчүн техникалык жабдуулар менен кантип иштөө керектиги боюнча тренинг уюштурулду. Тренингге ОшМУнун жана региондогу ЖОЖдордун  окутуучулары катышты.

Долбоор толеранттуулукту, бири-бирин түшүнүүнү жана радикалдашууну болтурбоону колдоо максатында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосундагы көп тараптуу жана трансчекаралык диолог менен кызматташтыкка көмөктөшүүнү көздөйт.

Азырынча заманбап технологиялар менен жабдылган мындай борбор өлкө боюнча жалгыз ОшМУнун базасында гана бар.

 

Фото галерея