Кытай коомдук илимдер академиясынын делегациясы ОшМУда болду

Башкы Жаңылыктар

Кытай коомдук илимдер академиясынын делегациясы ОшМУда болду

Image

Пекин шаарындагы Кытай коомдук илимдер академиясынын Син Гуанчен баштаган делегациясы 11-сентябрда Ош мамлекеттик университетинде иш сапары менен келди.

Делегацияны тышкы байланыштар боюнча проректор Курсантбек Аттокуров кабыл алды. Жолугушууда университеттин ишмердүүлүгү, билим берүү багыттары жана эл аралык кызматташтыгы тууралуу сөз болду. 

Андан соң делегация Чыгыш таануу институтуна барып, алардын  ишмердүүлүгү, илимий-изилдөө багыттары менен таанышты. Институттун директору Жолдошбек Бөтөнөев кыргыз-кытай байланыштары, Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгынын жыйынтыктары жана түрк цивилизациясынын тарыхый-маданий мурастары боюнча маалымат берди. Жолугушууда кыргыз-кытай мамилелеринин азыркы абалы, келечеги тууралуу да пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары делегация Чыгыш таануу институтунун «Чыгыш кол жазмалары жана мурастары» фондуна барып, андагы материалдар менен таанышты. Фонддун жетекчиси Байболот Абытов менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, тажрыйба алмашуу, кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр болду. Жолугушуунун соңунда Жолдошбек Бөтөнөев Син Гуанчен баштаган делегациянын мүчөлөрүнө өзүнүн илимий эмгегин белекке тапшырды.

Ушул тапта Чыгыш таануу институтунда 200гө жакын студент кытай тилин, маданиятын, тарыхын, экономикасын жана Кытайдын ички жана тышкы саясатын окушат. Учурда алардын төртөө Циндао шаарында академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында билим алып жатат.

Институтта «Кытай тили жана маданияты» борбору да иштейт. Борбор студенттерге кытай тилин жана маданиятын үйрөнүүгө шарт түзүп, Кыргызстан менен Кытайдын билим берүү, маданий байланыштарын өнүктүрүүгө багытталган иштерди жүргүзөт.

 

Фото галерея