ОшМУда кадрдык өзгөрүүлөр болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда кадрдык өзгөрүүлөр болду

Image

Ош мамлекеттик университетинде кадрдык өзгөрүүлөр болуп, окуу иштери боюнча проректор кызматына Замирбек Божонов дайындалды. 

Ал эми Уларбек Молдояров өз калоосу менен жазган арызынын негизинде кызматынан бошотулду.

Замирбек Божонов буга чейин окуу жайга караштуу Педагогика, искусство жана журналистика институтунун директору болуп иштеп келген. Эмгек жолунда билим берүү жана университеттин студенттик иштерине байланыштуу бир катар кызматтарда эмгектенген. Атап айтканда, «Цивиндем» студенттик эркин гезитинде, «Нур» студенттик гезитинде иштеп, ректордун студенттик иштер боюнча жардамчысы, Тарбия департаментинин кызматкери, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректор, окуу иштери боюнча проректор кызматтарын аркалаган.

Ошондой эле кадрдык өзгөрүүлөрдүн алкагында Педагогика, искусство жана журналистика институтунун директору кызматына Минавар Шаимкулова дайындалды.

 

Фото галерея