ОшМУнун окумуштуулары Ош токой чарбасындагы иштер менен таанышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окумуштуулары Ош токой чарбасындагы иштер менен таанышты

Image

4-сентябрда ОшМУнун окумуштуулары Ош токой чарбасына барып, ал жактагы иштер менен таанышты. 

Жолугушууда профессор Бакытбек Шамшиев, доценттер Элмурат Обдунов, Венера Эрматова, Абдижапар Аккулов жана Ош токой чарбасынын директору Талант Боркошов токой чарбасын өнүктүрүү, жаңы ыкмаларды колдонуу, материалдык-техникалык базаны жакшыртуу боюнча пикир алышты.

Ошондой эле окумуштуулар мекеменин Беш-Конуш көчөтканасындагы иштерди көрүп чыгышты. Анда көчөтканалардын санын жана аянтын көбөйтүү, токойлорду калыбына келтирүү үчүн өстүрүлүп жаткан көчөттөрдүн түрлөрүн көбөйтүү боюнча сунуштар айтылды.

Адистер климаттын өзгөрүшү, жер көчкү процесстеринин күчөшү токой экосистемаларына таасир берип жатканын белгилешти. Мындай шартта деградацияланган жерлерди калыбына келтирүү жана токой чарбасында заманбап ыкмаларды колдонуу маанилүү экени айтылды. Мындан тышкары мамлекеттик токой фондусунун аймактарын натыйжалуу пайдалануу үчүн экотуризмди өнүктүрүү маселеси да талкууланды. Бул багыт жаратылышты коргоо менен катар жергиликтүү калк үчүн жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзө алары белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын практикада колдонуу, тажрыйба алмашуу жана токой экосистемаларын сактоо багытындагы кызматташтыкты улантуу боюнча макулдашуулар болду.

Аталган иш-чара Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги каржылаган, ОшМУнун Тоо экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар консалтинг борбору ишке ашырып жаткан илимий долбоордун алкагында уюштурулду.

 

Фото галерея