Табияттын сулуулугун, адамдын жан дүйнөсүн жана балалыкка болгон сагынычты боёк аркылуу чагылдырган сүрөтчү, педагогика илимдеринин кандидаты, ОшМУнун Педагогика, искусство жана журналистика институтунун сүрөт, чийүү жана эмгек кафедрасынын доценти, Кыргызтандын билим берүүсүнүн мыктысы, Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Мухтар Ысмайылов быйыл 65 жашка толду.
![]()
Ал живопись өнөрүндө өзүнүн өзгөчө стили, табиятты терең сезе билүүсү жана түстөр аркылуу ой жеткирген эмгектери менен белгилүү. Биз агай менен анын балалык эскерүүлөрү, чыгармачылык жолу, педагогикалык ишмердүүлүгү жана искусствонун адам жашоосундагы орду тууралуу маектештик.
— Саламатсызбы, алгач өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз?
— Мен кадимки эле айылдын баласымын. 1961-жылы 10-майда Ак-Буура дарыясынын боюндагы Байдамтал айылында төрөлгөм. Кийин үй-бүлөбүз Ноокат районунун Көк-Бел айылына көчүп келип балалыгым ошол жерде өттү. Топурактуу, кайракы болсо да берекелүү, өзгөчө кооз айыл эле. Балалык күндөрүмдү эстеген сайын көз алдыма таңкы нурга бөлөнгөн тоолор, шамал менен жарышып чуркаган күндөр, жылаңайлак баскан издер келет. Табият менин биринчи устатым болду десем жаңылышпайм. Балалыктагы ошол таза сезимдер бүгүнкү күнгө чейин чыгармачылыгымдын негизги булагы болуп келет.
— Балалыктагы алгачкы тарткан сүрөтүңүз эсиңиздеби?
—Ошол кездеги сүрөттөрүм өтө жөнөкөй болчу. Кээде кагаз жок болгондуктан дубалга же жерге сүрөт тартып жүрчүмүн. Мектепте мугалимдер портреттерди, жазууларды жасатышчу. Сүрөттөрдү окшоштуруп тартып, эжекелер сүйүнүп макташса өзүмдү дүйнөдөгү эң бактылуу баладай сезгем. Ошол кезде мугалимдерибизге суктанчубуз. Тыкан кийинип, билимдүү, маданияттуу жүрүшчү. Мен да чоңойсом мугалим болсом деп кыялданчумун. Карапайым үй-бүлөдө чоңойгондуктан окубай каламбы деген кооптонуу да болгон. Кээде түндө уктарда жакшы окуп калайын деп дуба кылып жатчумун.
— Сүрөтчүлүк бала кездеги кыялыңыз беле?
— Ооба. Мектепте Кенжебаев Ысмаил агайыбыз иштечү. Ал май боёк менен сүрөт тартып, мектепти кооздоп, айылдагы үйлөрдүн шыптарына чейин көркөм сүрөттөрдү түшүрчү. Мен анын жанынан чыкпай жардам бергенге аракет кылчумун. Ошол агайым сүрөт өнөрүнө болгон сүйүүмдү ойготкон десем болот. Сегизинчи классты аяктаганда агайым атама келип, мени шаарга алып барып окутууга уруксат сураган. Бирок атам айылдагы каары аксакалдардан болгондуктан ошол учурдагы түшүнүк менен менин сүрөтчү болушумду каалаган эмес. Ошентип, кийин Ош шаарындагы №12 кесиптик лицейге тапшырып, маляр кесибин өздөштүрдүм. 1984-1989-жылдары Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтунун (азыркы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети) көркөм-графика факультетин аяктадым.
— Студенттик жылдардагы кыялдарыңыз кандай эле?
— Ал убакта сүрөтчү болууну гана эмес, искусствонун терең дүйнөсүн түшүнө баштадым. Өзүмдүн чыгармачылык стилимди таап, адамдарга кооздукту көрсөтүүнү эңсечүмүн. Бирок 1989-жылдары Союз тараганда көпчүлүгүбүздүн кыялдарыбыз өзгөрдү. Турмуштун түйшүгү биринчи орунга чыкты. Эмгек жолум Ноокат райондук билим берүү тармагында методист болуп башталды. Ал жакта көркөм өнөр жана эстетикалык билим берүү боюнча иш алып бардым. Райондогу 108 мектепте сүрөт мугалимдеринин жетишсиз экенин көрүп, бул багытты өнүктүрүүгө аракет кылдык. Ошол жылдары Ноокат районундагы азыркы көркөм-эстетикалык гимназия мектебинин түптөлүшүнө да өз салымымды коштум.
— Кантип жогорку окуу жайына келип окутуучу болуп калдыңыз?
— Райондо методист болуп иштеп жүрүп кийин айылга кетип калдым. Ал жакта бир топ убакыт устачылык кылып эмгектендим. Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде Технологиялык техникумга (азыркы Кыргыз-Өзбек университетине) иштөөгө чакырышты. Ал жакка жаңыдан эле жайгашып жатканда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинен сунуш түшүп, ошол окуу жайда иштеп калдым. 1991-жылдардан тартып Оштогу бир нече жогорку окуу жайларда сабак берип эмгектендим. Ал учурда турмуштун шартынан улам бир нече жерде иштөөгө туура келчү. Ошол эле учурда илимий изилдөөлөрүмдү да улантып, 2001-жылы аспирантураны аяктадым. Көп жылдык эмгектин аркасында окутуучу, ага окутуучу болуп эмгектенип, кийин Ош мамлекеттик университетинде илимдин кандидаты илимий даражасын алдым. 2005-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтуна чакырылып, он жылдай эмгектендим. Музыкалык-педагогикалык факультетте жетекчилик кызматтарды аркалап, колдон келишинче билим берүү тармагына салым кошууга аракет кылдым. Кийин кайрадан Ош мамлекеттик университетине келип, бүгүнкү күнгө чейин студенттерди окутуп келе жатам. ОшМУга келип кайрадан студенттерге көркөм өнөрдөн сабак өтүп баштаганда бир нерсени терең түшүндүм, окутуучу сөзсүз чыгармачылыгун өнүктүрүп туруш керек экен. Эгер, өзүң чыгармачылык менен алектенбесең студентке айтар сөзүңдүн салмагы да азаят. Бир убакта сүрөттү мурдагыдай тарта албай калганымды байкадым. Ошондо өзүмдү кайрадан издеп, чыгармачылыкка жан дүйнөм менен кайтып келдим. Ошол мезгил мен үчүн жаңы демдин, жаңы изденүүнүн башталышы болду.
— Сиздин сүрөттөрүңүздүн өзгөчөлүгү эмнеде?
— Ар бир сүрөтчү дүйнөнү өзүнчө кабыл алат. Менин эмгектеримде табиятка болгон сүйүү, тынчтык жана ички гармония чагылдырылат деп ойлойм. Мен үчүн сүрөт жөн гана картина эмес, ал жан дүйнөнүн үнү. Ар бир түс, ар бир штрих аркылуу өзүмдүн сезимдеримди жеткирүүгө аракет кылам.
![]()
— ОшМУдагы сүрөтчү окутуучулардын пленэрге чыккан учурлары тууралуу айтып берсеңиз?
— Пленэр сүрөтчүнүн эң чоң мектеби экен. Ал жерде сен табияттын өзүнөн сабак аласың. Ошол кездеги окуу жайдын жетекчиси, маркум Каныбек Исаков чыгармачыл адамдар үчүн пленэрлерди уюштуруп турчу. Биз Ысык-Көлдө, Чоң-Алайда жана өлкөнүн көптөгөн кооз аймактарында иштедик. Айрыкча 2017-2019-жылдардагы пленэрлер чыгармачылыгыма жаңы дем берди. Ал учурларда убакыт да, чарчоо да унутулат. Сен менен табият гана калат. Жаратылыштын кооздугун тартып кагаз бетине түшүрдүк. Пленер менин чыгармачылыгымдагы экинчи демдин ачылышына жардам берди. Ошол мезгилде жаралган эмгектерибиз республикалык жана эл аралык көргөзмөлөргө коюлуп келүүдө.
![]()
— Бүгүнкү күнгө чейин канча эмгек жараттыңыз?
— Так санын айтуу кыйын. Жүздөгөн эмгектер жаралды. Ар биринин өз тарыхы, өз мааниси бар. Ар жылы ректорубуз Кудайберди Кожобековдун демилгеси менен шаардык, республикалык сүрөт көргөзмөлөрүн уюштуруп келебиз. Быйылкы жылы 45 жылдык чыгармачылык жана педагогикалык ишмердүүлүгүнө арналган жеке көргөзмөмдү өткөрүп аны «Мекен ыргактары политрада» деп атадым. Көргөзмөгө живопись жанрындагы 80ден ашуун чыгармам коюлду. Алардын басымдуу бөлүгү пленэрде, табият койнунда тартылып Кыргызстандын кооз аймактары, улуттук колорит, адам менен жаратылыштын айкалышы чагылдырылган эмгектер болду. «ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери» төш белгиси менен сыйландым, бул мен үчүн эл алдындагы отчетум десем болот.
![]()
— Өзүңүздүн эң чоң жетишкендигиңиз деп эмнени эсептейсиз?
— Мен үчүн эң чоң сыймык мен тарбиялаган шакирттер. Алардын ийгилиги эмгегимдин эң чоң жыйынтыгы. Ошондой эле ушул убакытка чейин чыгармачылык жолумдан тайбай келе жатканым дагы чоң бакыт.
— 45 жылдык педагогикалык тажрыйбаңыз эмнени үйрөттү?
— Ар бир студент өзүнчө дүйнө экенин түшүндүм. Мугалим билим гана бербестен адамдык сапаттарды да тарбиялайт. Чынында мен студенттерге үйрөтүп эле койбой алардан да көп нерсе үйрөндүм.
![]()
— Азыркы жаш сүрөтчүлөргө кандай кеңеш берет элеңиз?
— Эң биринчи, өзүңөргө ишенгиле. Экинчиси, талыкпай эмгектенгиле. Үчүнчүсү, табиятты сүйгүлө. Анткени чыныгы искусство жүрөктөн жаралат.
— Эгер, сүрөттөрүңүз сүйлөй алса коомго эмне деп айтмак?
— «Табиятты сүйгүлө. Адамдын жан дүйнөсү да табияттай таза болушу керек» деп айтмакмын. Мен сүрөттөрүмдү көргөн адам сулуулукту, ыйыктыкты сезсе дейм. Табият дайыма өзгөрүп турат. Ар бир мезгилдин өзүнө таандык өңү, жыты, маанайы бар. Адамдын жашоосу да ошол табият менен тыгыз байланышкан.
![]()
— Өмүр жолуңузда кайсы сүрөттү тартуудан кыйналып келесиз?
— Тааныштарым «Баардык жерди тартыпсың, өзүңдүн айылыңды качан тартасың?» деп көп сурашат. Чынын айтсам, азыркыга чейин өз айылымды тарта албай келем. Канча аракет кылсам да колум барбайт. Анткени ал жер мен үчүн өтө ыйык. «Татыктуу тарта албай калбаймынбы» деген коркунуч болот (көзүнө жаш алып). Айылым түшүмө көп кирет. Жаш өткөн сайын балалыкты көбүрөөк сагынат экенсиң. Айылга барганда машина менен Көк-Белге ашып баратканда эле шамалдын жыты эле бүт эскерүүлөрдү ойготот. Мурда ата-энем бар кезде айылга барып бир нече күн жатып келчүбүз. Азыр болсо кеч киргенче эле кайра кайтабыз. Эң көп сагынганым таң эрте сайраган чымчыктардын үнү, апамдын тандырга жапкан наны, сепаратордон жаңы чыккан каймак. Тандырга жабышып калган күлчө нанды талашып жеген күндөр… Балалыктагы ошол жөнөкөй көз ирмемдер өмүр бою жүрөктө сакталат экен. Жаш өткөн сайын адам көбүнчө ошол таттуу күндөрдү эстейт.
![]()
— Эгер, жашоону бир картина катары элестетсек, аны кандай түстөр менен сүрөттөмөксүз?
— Түс – бул жөн гана боёк эмес. Түс адамды кубантат, кайгыга салат, ойлонтот, толкундантат. Ар бир түстүн өзүнүн мааниси, өзүнүн тили бар. Ачык түстөр майрамдын, кубанычтын, жаштыктын өңү болсо, жашыл түс тынчтыктын, үмүттүн белгиси. Ошол эле учурда күтүү, кооптонуу, азап, кыйынчылык сыяктуу сезимдерди да түстөр аркылуу жеткирүүгө болот. Мунун баарын биз элдик чыгармалардан, өзгөчө «Манас» эпосунан да көрө алабыз. Элдик чыгармаларда композиция да, түс да адамдын аң-сезимине таасир эте тургандай деңгээлде берилген. Эгер, өз жашоомду картина кылып тартсам, балалыгымды жана жаштыгымды сөзсүз ачык түстөр менен сүрөттөмөкмүн. Асманын жарык, мейкиндикти кенен кылып бермекмин. Ал эми өмүрдүн кийинки баскычтарында адам көп нерсени көрөт экен. Ошол себептен кээ бир жерлеринде карамтыл өңдөр, сарсанаа менен санааркоонун түстөрү сары түстөр орун алмак. Бирок алды жагын сөзсүз кайрадан жарык түстөр менен ачмакмын. Анткени жашоодо кандай сыноо болбосун, үмүт дайыма болушу керек.
![]()
— Жаш сүрөтчүлөрдөн эмнени көбүрөөк көргүңүз келет?
— Азыркы жаштардын арасында таланттуулар көп. Бирок кээде чыгармачылыкка күйүп-жанып берилгендер азайып бараткандай сезилет. Искусство жөн гана сүрөт тартуу эмес. Ал чоң эмгекти, чыдамкайлыкты, үзгүлтүксүз изденүүнү талап кылат. Чыныгы сүрөтчү күн сайын өзүн тарбиялап, табияттан, жашоодон жана адамдардан үйрөнүп турушу керек. Эгер, адам өз ишин сүйүп жүрөгү менен иштесе, анын эмгеги сөзсүз өз баасын табат деп ишенем.
Маектешкен: Зинагул Нуралиева