Ош мамлекеттик университетинде 2026-2027-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуунун бешинчи туру башталды.
Абитуриенттер жогорку жана орто кесиптик окуу жайларга тапшыруу үчүн «Абитуриент Онлайн» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу каттодон өтүшү керек. Каттоо 12-августта саат 14:00дө аяктайт.
Кабыл алуунун графиги:
Бакалавриат:
Бешинчи тур: 10-август, саат 09:00дөн 12-август, саат 14:00гө чейин.
Коллеж:
Бешинчи тур: 10-август, саат 09:00дөн 12-август, саат 14:00гө чейин.
Эскертүү: бешинчи турда коллежге тапшыруучу абитуриенттер үчүн босого балл 80 балл болуп белгиленди. Негизги тесттен 80 балл же андан жогору алган абитуриенттер гранттык (ваучердик) жана контракттык негизде окууга өтүү үчүн конкурска катыша алышат. Босого баллды аныктоодо кошумча предметтик тесттердин жыйынтыгы эске алынбайт.
ОшМУ тууралуу жана кабыл алуу өнөктүгү боюнча маалыматтарды төмөнкү байланыш каналдары аркылуу алууга болот:
Telegram: https://t.me/oshstateuni
Instagram: @oshsu.kg
YouTube: https://www.youtube.com/@oshsu85
Сайт: www.oshsu.kg
Телефон, WhatsApp, Telegram: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87
Дареги: Ош шаары, Алымбек датка көчөсү 331. Кабыл алуу комиссиясы ОшМУнун башкы корпусунун 137-кабинетинде жайгашкан.