Мелис Маматжан уулу Азербайжандагы поэзия фестивалында сыйланды

Башкы Жаңылыктар

Мелис Маматжан уулу Азербайжандагы поэзия фестивалында сыйланды

Image

Ош мамлекеттик университетинин кызматкери Мелис Маматжан уулу Азербайжанда өткөн II Түрк дүйнөсүнүн поэзия фестивалында Молло Панах Вагиф атындагы сыйлыктын лауреаты аталды. Ал ошондой эле атайын медал менен сыйланды.  

Фестиваль 16–17-июлда Шуша шаарында өттү. Ага түрк тилдүү алты өлкөдөн келген 20дан ашуун жаш акын катышты. Алар улуттук поэзия, адабий мурас жана руханий баалуулуктар тууралуу  чыгармаларын окушту.

Иш-чаранын алкагында поэзиялык окуулар, адабий талкуулар, чыгармачылык жолугушуулар жана маданий иш-чаралар өткөрүлдү. Катышуучулар азыркы түрк поэзиясынын өнүгүүсү, адабий котормо, жаш акындардын эл аралык кызматташтыгы тууралуу пикир алышты. Мындан тышкары Шуша шаарынын тарыхый-маданий жайлары менен таанышып, Карабах аймагынын руханий мурасы тууралуу маалымат алышты.

Эске салсак, буга чейин түрк дүйнөсүнүн жаш акындарынын Жолон Мамытов атындагы фестивалы Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн.

 

Фото галерея