Медколлеждерге тапшыруу: босого жана предметтик баллдар белгилүү болду

Башкы Жаңылыктар

Медколлеждерге тапшыруу: босого жана предметтик баллдар белгилүү болду

Image

2026–2027-окуу жылына карата Кыргызстандагы медицина багытындагы кесиптик орто окуу жайларына (коллеждер)  кабыл алуу талаптарына өзгөртүү киргизилди. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 7-июлда буйрук чыгарды.

Биология предмети талап кылынган адистиктер:

  • Дарылоо иши – негизги тест 90 балл, кошумча предметтик 40 балл;
  • Акушердик иш – негизги тест 90, кошумча предметтик 40 балл;
  • Профилактикалык стоматология – негизги тест 90 балл, кошумча предметтик 40 балл;
  • Медициналык айым иши – негизги тест 90, кошумча предметтик 40 балл;
  • Физикалык терапия – негизги тест 90 балл, кошумча предметтик 40 балл.

Химия предмети талап кылынган адистиктер:

  • Медициналык-профилактикалык иш – негизги тест 90 балл, кошумча предметтик 40 балл;
  • Ортопедиялык стоматология – негизги тест 90 балл, кошумча предметтик 40 балл;
  • Фармация – негизги тест 90 балл, кошумча предметтик 40 балл; 
  • Лабораториялык диагностика – негизги тест 90 балл, кошумча предметтик 40 балл.

Министрлик бул өзгөртүү саламаттык сактоо тармагына даяр адистерди тандоонун сапатын жакшыртуу, абитуриенттердин билим деңгээлин так баалоо максатында киргизилгенин белгиледи.

Маанилүү:  абитуриенттер жана ата-энелер документ тапшырууда жаңы талаптарды эске алышы керек.