ОшМУда «Уңгужол: улуттук башаттан дүйнөлүк бийиктикке» аттуу илимий-коммуникациялык иш-чаралар кербени өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда «Уңгужол: улуттук башаттан дүйнөлүк бийиктикке» аттуу илимий-коммуникациялык иш-чаралар кербени өттү

Image

Ош мамлекеттик университетинде 5-июнунда И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган «Уңгужол: улуттук башаттан дүйнөлүк бийиктикке» аттуу илимий-коммуникациялык иш-чаралар кербени өткөрүлдү.

Жыйындын ачылышында ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова сөз сүйлөп, аталган жарлыкты ишке ашыруунун алкагында университетте жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Ал «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагындагы мындай иш-чаралар жаштардын улуттук аң-сезимин бекемдөөгө, руханий баалуулуктарды даңазалоого жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөрүн белгиледи.  «Уңгужол: улуттук башаттан дүйнөлүк бийиктикке» аттуу иш-чаралар кербенин уюштурууга кошкон салымы үчүн И. Арабаев атындагы КМУнун ректоруна ОшМУнун атынан ыраазычылык кат тапшырылды. Ал мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жылдыз Садыкбек кызына,  аталган университеттин проректорлоруна, директорлоруна, окутуучуларына жана маалыматтык колдоо көрсөтүп келе жаткан ЭлТР телерадиокомпаниясынын журналисти Майрам Мурзакулова ОшМУнун атынан белектер тапшырылды.

Кербендин алкагында И. Арабаев атындагы КМУнун мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жылдыз Садыкбек кызы «Мамлекеттик тил – уңгужол улуттук идеологиясынын өзөгү», эл аралык коммуникациялар жана инвестициялар боюнча проректору Гүлнара Жалилова «Жашыл экономика жана жашыл көндүмдөрдү калыптандыруу», Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Чынара Койчуманова «Кыргызстандын жаштары – бүгүн жана эртең», Педагогика жана психология институтунун профессору Мунара Эсенгулова «Уңгужолдогу кыргыз элдик педагогикасынын баалуулуктары», Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин окутуучусу Надилбек кызы Бегимай  "Уңгужолу: 7 багыт — улуттук идеологияны калыптандыруунун илимий пайдубалы" темасында баяндама жасашты.

Мындан тышкары кыргыз элинин интеллектуалдык жана маданий мурастарынын бири болгон тогуз коргоол оюну уюштурулуп, катышуучулар улуттук оюнга болгон кызыгуусун арттырышты.

Соңунда университеттер аралык илимий, маданий жана тарбиялык багыттагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, тажрыйба алмашууну кеңейтүү жана жогорку билим берүү мейкиндигиндеги өнөктөштүктү бекемдөө маселелери белгиленип, жыйынтыктар чыгарылды.

Күндүн экинчи бөлүгүндө иш-чара  М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде, А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде уланат.

Фото галерея