Жаңы окуу жылында бүтүрүүчү курстарды 100 % дуалдык окутууга өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө

Башкы Жаңылыктар

Жаңы окуу жылында бүтүрүүчү курстарды 100 % дуалдык окутууга өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө

Image

4-июнь күнү ОшМУнун педагогика, искусство жана журналистика институтунда 2026-2027-окуу жылында педагогикалык адистиктерде дуалдык билим берүүнү ишке ашыруу максатында 3-курстардын студенттери, программа жетекчилери, кафедра башчылары, директордун окуу иштери боюнча орун басарлары менен иштиктүү жыйын өттү. 

Жыйында институттун директору  Замирбек Божонов дуалдык билим берүүнүн артыкчылыктары, өзгөчөлүктөрү, ишке ашыруу жолдору тууралуу баяндама жасап, суроолорго жооп берди жана тиешелүү тапшырмаларды койду.  

Ага ылайык, 3-курстун студенттери өздөрү Ош шаарындагы билим берүү уюмдары менен байланышып, дуалдык окуудан өтүүчү мектептерден, бала бакчаларынан өтүнмө каттарды алып келишет жана каникулга чейин “ЖОЖ - студент - мектеп” үч тараптуу келишимдер түзүлүүгө тийиш.

Фото галерея