Медицина факультетинин 5-курсунун студенти Эрмек Капашев учурда Түркиянын Нииде Өмер Халис Демир университетинде (TİES) академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында билим алууда. Ал аталган университетге 2025-жылдын күзгү семестрине барган.
Студенттин айтымында, Түркиянын медициналык билим берүү системасы дүйнөдөгү алдыңкы багыттардын бири болуп саналат. Ага ылайык аталган окуу жайдв студенттер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Сабактардын басымдуу бөлүгү университеттик ооруканада өткөрүлүп, мында бейтаптар менен түздөн-түз иштөө аркылуу практикалык тажрыйба топтоп жатканын айтат. Ошондой эле ал мындай мүмкүнчүлүктөрдүн түзүлүшүнө салым кошкон ОшМУнун жетекчилигине жана рейтинг бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айнура Кулназаровага ыраазычылыгын билдирди.
2023-жылы эки окуу жайдын ортосунда кызматташуу келишими түзүлгөн. Анын алкагында окутуучулар жана студенттер үчүн академиялык мобилдүүлүк программалары ишке ашырылып, биргелешкен илимий изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.
Ал эми 2025-жылдын октябрь айында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен Нииде Өмер Халис Демир университетинин ректору Хасан Услунун онлайн форматтагы жолугушуусу өткөн. Мында эки университеттин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, жаңы биргелешкен долбоорлорду жана илимий изилдөөлөрдү ишке ашыруу маселелери талкуулашкан.
Мындан тышкары, 2025-жылдан тартып ОшМУнун окутуучулары Нииде Өмер Халис Демир университети тарабынан уюштурулуп келген «Түрк дүйнөсү» эл аралык симпозиумуна үзгүлтүксүз катышып, илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз салымдарын кошуп келишет.