ОшМУнун окутуучулары жана студенттери балдарга майрамдык маанай тартуулашты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучулары жана студенттери балдарга майрамдык маанай тартуулашты

Image

1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучулары Жамиля Досматова, Нурзида Турапбай кызы жана Махабат Козубекова Орус үйү жана «Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюму менен биргеликте «Балалык — бул сен жана мен!» аттуу майрамдык иш-чара өткөрүштү.

Ош шаарындагы Орус үйүнүн аянтчасында уюштурулган майрамга шаардагы өнөктөш мектептердин окуучулары, бөбөктөр катышты.

Иш-чарада  колледждин студенттери дуалдык окутуунун алкагындагы алган теориялык билимдерин практикада бекемдеп, кесиптик көндүмдөрүн реалдуу шарттарда көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Майрамдын жүрүшүндө балдар жай мезгили тууралуу ырларды көркөм окуп, ырларды аткарышты. Ошондой эле кыймылдуу оюндар марафонуна жана асфальтка сүрөт тартуу сынагына  катышышты.

Иш-чаранын соңунда бардык катышуучуларга эстелик белектер тапшырылып, майрамдык балмуздак таратылды. 

 

 

Фото галерея