Студенттерге баңгизаттардын жана киберкылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери уланууда

Башкы Жаңылыктар

Студенттерге баңгизаттардын жана киберкылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери уланууда

Image

ОшМУнун студенттерине 30-майда жаштар арасында баңгизаттарды колдонуу жана киберкылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өттү.

Ага Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү, Ош шаардык наркологиялык бөлүмүнүн адистери, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

Иш-чарада студенттердин арасында синтетикалык жана жаңы психоактивдүү заттарды колдонуу коркунучунун өсүшүнө байланыштуу жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иштер тууралуу маалымат берилди. Анда  Ички иштер министрлигинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын алдын алуу жана коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн ыкчам өкүлү Гүлмира  Жапакова жана нарколог  Бакыт Атабаев  баяндама жасады. Анда  өлкөдөгү жана билим берүү мекемелериндеги учурдагы баңги кырдаалы тууралуу айтышты.

Адистер жаңы синтетикалык баңгизаттардын  жана психоактивдүү заттардын адамдын ден соолугуна тийгизген терс таасирлери, колдонуудан келип чыгуучу кесепеттерге  кеңири токтолду. 

Жолугушуунун жүрүшүндө интернет алдамчылардын жарандардын банктык карталарынан, электрондук капчыктарынан жана мобилдик тиркемелеринен акча каражаттарын мыйзамсыз алуу үчүн колдонгон кеңири таралган схемалар талкууланды. Студенттерге шектүү шилтемелерден сактануу, жеке маалыматтарды коргоо, социалдык тармактарды жана онлайн-банкинг кызматтарынкоопсуз пайдалануу боюнча сунуштар берилди. 

Ошондой эле кибер кылмыштуулукка маалыматтык түшүндүрүү иштерин  жүргүзүүчү студенттик ыктыярчылар топторун түзүү демилгеси көтөрүлдү. Аны менен катар эле Маалыматтык коопсуздук  багыты боюнча билим алып жаткан студенттердин өндүрүштүк практикасын укук коргоо органдарынын тиешелүү бөлүмдөрүндө уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Фото галерея