25–27-май күндөрү индустриалдык-педагогикалык колледжинин Коомдук илимдер жана аскерге чейинки даярдык билим берүү циклынин окутуучулары Наманган мамлекеттик университетине иш сапары менен барышты.
Анда окутуучулар аталган университеттин студенттери жана окутуучулары үчүн коомдук илимдер, тарых жана билим берүү багытындагы актуалдуу темалар боюнча 12 сааттык конок лекцияларды өтүштү. Лекцияларда заманбап окутуу ыкмалары, тарых илимин изилдөөнүн жаңы багыттары, билим берүү системасындагы өзгөрүүлөр жана жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо маселелери камтылды.
Мындан сырткары, эки жогорку окуу жайдын окутуучуларынын ортосунда тажрыйба алмашуу жолугушуулары уюштурулуп, окуу процессин өркүндөтүү, илимий кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар билим берүүдө колдонулуп жаткан инновациялык ыкмалар менен таанышып, кесиптик тажрыйбаларын бөлүшүштү.
Иш сапардын жыйынтыгында тараптар келечекте академиялык мобилдүүлүк программаларын улантуу, биргелешкен илимий-методикалык иш-чараларды өткөрүү жана студенттер менен окутуучулардын кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүү боюнча макулдашышты.