Академик Абдылдажан Акматалиевдин 70 жылдыгы белгиленди

Башкы Жаңылыктар

Академик Абдылдажан Акматалиевдин 70 жылдыгы белгиленди

Image

Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына жана академик Абдылдажан Акматалиевдин 70 жылдык мааракесине арналган “Аалам аралаган адабият” эл аралык илимий-практикалык конференциясы өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри  Масуда Айдарбекова, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы адабият институтунун өкүлдөрү, коомдук жана саясий ишмерлер, Өзбекстандан келген окумуштуулар, маданият өкүлдөрү, ЖОЖдордун окутуучулары, студенттер катышты.

Мааракеде Абдылдажан Акматалиевдин өмүр жолу жана илимий ишмердүүлүгүнө арналган “А. Акматалиев – Айтматов таануучу” документалдык тасмасы көрсөтүлдү. Ошондой эле китеп көргөзмөсү, окумуштуунун жолун чагылдырган фото экспозиция уюштурулуп, университеттин алдында сахналык көрүнүштөр тартууланды.

Пленардык жыйында кыргыз адабияты, айтматов таануу жана улуттук илимдин өнүгүшү боюнча баяндамалар окулду. Катышуучулар академиктин илимди уюштуруудагы ролу, байыркы орток түрк адабияты боюнча эмгектери, постсоветтик мезгилдеги улуттук адабиятты изилдөөнүн жаңы багыттары, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы символикалык образдар, тил илими жана адабий байланыштар жаатындагы ордун талкуулашты. 

Баяндамачылар Акматалиевдин кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө, айтматов таанууга жана жаш окумуштууларды тарбиялоого кошкон салымын белгилешти. Конференциянын экинчи бөлүгүндө адабият таануунун маданияттар аралык мейкиндиктеги орду, азыркы тил илиминин актуалдуу маселелери боюнча секциялык иштер өттү.

Маалымат үчүн: Абдылдажан Акматалиев 1956-жылы Нарын шаарында туулган. Филология илимдеринин доктору, профессор, академик, “Даңк” медалынын жана III даражадагы “Манас” орденинин ээси. Ал 101 илимдин кандидатын жана докторун тарбиялаган. 1001 макала жана 74 китеп, жети ыр жыйнагынын автору.

 

Фото галерея