Студенттер эл аралык олимпиададан байгелүү орундарды алышты 

Башкы Жаңылыктар

Студенттер эл аралык олимпиададан байгелүү орундарды алышты 

Image

ОшМУнун медицина факультетинин студенттери “Фундаменталдык морфологиялык дисциплиналар” аталашындагы  эл аралык олимпиадада байгелүү орундарды алышты.

Билим таймашы 14-майда Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында өтүп, Кыргызстан жана Казакстандын  медициналык жогорку окуу жайларынын студенттери катышты. Олимпиаданын алкагында командалар чыгармачыл видео аркылуу тааныштырылып, фундаменталдык дисциплиналар боюнча суроо-жооп болду. Ошондой эле биология, нормалдуу анатомия, топографиялык анатомия, биохимия, микробиология, нормалдуу физиология, гистология, патологиялык анатомия, патологиялык физиология багыттары боюнча жеке таймаштар өткөрүлдү.

Жыйынтыгында ОшМУнун студенттери бир катар багыттар боюнча байгелүү орундарды камсыздашты.   

  • Айпери Абидинова – патанатомия дисциплинасы боюнча экинчи орун;
  • Айсель Сейтекова – топографиялык анатомия боюнча экинчи орун;
  • Айжан Эрмаматова – гистология боюнча экинчи орун;
  • Актилек Султанова – анатомия боюнча экинчи орун;
  • Наргиза Жеенбекова – патологиялык физиология боюнча экинчи орун;
  • Айбийке Полотбек кызы – нормалдуу физиология боюнча экинчи орун;
  • Карлыгач Нурмахматова – медициналык биология боюнча үчүнчү орун;
  • Адилет Эргешбаев – биофизика боюнча экинчи орун;
  • Муслим Юсупов – биохимия боюнча экинчи орун. 

Студенттерди олимпиадага ОшМУнун профессору Таасилкан Жумабаева менен факультеттин окутуучулары даярдашкан. Алар командага теориялык жана практикалык жактан терең даярдык көрүүгө көмөк көрсөтүшүп, ийгиликтүү жыйынтыкка жетишүүсүнө чоң салым кошушту.

Олимпиада медициналык билим берүү тармагындагы студенттердин теориялык билимин, практикалык даярдыгын, илимий потенциалын баалоо максатында уюштурулду.

 

Фото галерея