7–8-майда ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинде “Эне жана баланын ден соолугу” аттуу эл аралык мастер-класс өттү.
Эки күнгө созулган мастер-класска окутуучулар, практик дарыгерлер, ординаторлор, студенттер катышты. Аларга акушерлик, гинекология жана педиатрия боюнча заманбап ыкмалар көрсөтүлдү. Тагыраагы, эне менен баланын саламаттыгын коргоодогу жаңы медициналык технологиялар, дүйнөлүк тажрыйбалар тааныштырылды. Катышуучулар кош бойлуулук учурундагы тобокелчиликтерди алдын алуу, эне менен ымыркайдын ден соолугун сактоо, жаңы төрөлгөн балдарга медициналык жардам көрсөтүү сыяктуу маселелерге көңүл бурушту.
Мастер-класс эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, дарыгерлер ортосунда тажрыйба алмашуу жана жаш адистердин кесиптик өсүшүнө шарт түзүү максатында Австриянын Зальцбург шаарындагы Open Medical Institute (OMI) уюму менен биргеликте уюштурулду. Жыйынтыгында бардык катышуучуларга кредит-сааты көрсөтүлгөн сертификаттар тапшырылды.