Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшү, суу ресурстары жана экологиялык туруктуулук маселелерине арналган IV эл аралык конференция өтүп жатат.
Иш-чара 12-майдан 14-майга чейин созулат. Ага АКШ, Австрия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандан келген окумуштуулар, эксперттер жана изилдөөчүлөр катышууда. Алар аймактагы климаттык өзгөрүүлөрдүн таасири, суу ресурстарын башкаруу, гидрологиялык мониторинг боюнча акыркы изилдөөлөрүн сунуштап жатышат.
Иш-чараны ОшМУнун санариптик трансформациялоо жана электрондук билим берүү боюнча проректору Элзар Эшаров ачты. Ал өз сөзүндө окуу жай климат, экология багытындагы эл аралык долбоорлорго активдүү катышууга кызыкдар экенин белгиледи.
Конференциянын алгачкы күнүндө Энергетика жана суу циклдары боюнча дүйнөлүк эксперимент (GEWEX) эл аралык долбоорунун директору Питер ван Овелен уюмдун ишмердүүлүгү тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле Вашингтондогу Америка университетинин профессору, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эксперт Майкл Броуди Борбор Азиянын келечектеги суу ресурстары, бул багыттагы саясат маселелери боюнча маалымат берди.
Ал эми окумуштуулар Үчүнчү Уюл чөйрөсү – Тибет платосу, аны курчаган Памир, Гиндукуш, Тянь-Шань, Гималай жана Куньлунь тоо кыркаларындагы климаттык процесстер, гидрологиялык мониторинг үчүн жаңы спутниктик платформалар, Борбор Азия үчүн аймактык моделдөө боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары менен бөлүшөт. Мындан тышкары практикалык көнүгүүлөр уюштурулуп, заманбап аналитикалык ыкмалар боюнча тажрыйба алмашуу жүрөт. Жыйынтыктоочу күнү аналитикалык ыкмаларды интеграциялоо, конкреттүү эл аралык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча кызматташуу пландары талкууланат.
Эл аралык конференция доцент Сагынбек Орунбаевдин демилгеси менен өтүүдө. Ал эми уюштуруу иштерин агрономия жана колдонмо геодезия кафедрасынын окутуучусу Шааркан Ташбалтаева, GEWEX эл аралык илимий уюму колго алган. Уюштуруучулардын билдиришинче, иш-чаранын жыйынтыгында климаттын өзгөрүшү, суу ресурстарын башкаруу жана экологиялык мониторинг багыттарында биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу мерчемделүүдө.
GEWEX дүйнө жүзүндө климаттын өзгөрүшүнө мониторинг жүргүзгөн ири илимий уюмдардын бири болуп саналат. Мындай эл аралык конференция ОшМУда экинчи жолу өткөрүлүп жатат.