ОшМУда Кытай тарап менен бирге курулушчулар үчүн окуу-практикалык база ачылат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Кытай тарап менен бирге курулушчулар үчүн окуу-практикалык база ачылат

Image

Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) аймагында курулуш тармагынын студенттери үчүн жаңы окуу-практикалык база түзүү пландалууда. Долбоор Кытайдын Гуанчжоу шаар куруу институту менен өнөктөштүктүн негизинде ишке ашат. 

2025-жылдын апрель айында ОшМУнун өкүлдөрү Гуанчжоуга иш сапары менен барып, институттун окуу-практикалык базасы жана курулуш тармагындагы адистерди даярдоо системасы менен таанышып келишкен. Ал эми 20-апрелде Гуанчжоу шаар куруу институтунун өкүлдөрү ОшМУга келип, эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Жолугушууда университет аймагында база түзүү, курулушта дуалдык билим берүү системасын киргизүү, адистердин тажрыйба алмашуусу каралды.

Пландалып жаткан жаңы база студенттерге теория менен катар практикалык көндүмдөрдү үйрөнүүгө шарт түзөт. Мындан тышкары келишим боюнча студенттерге кытай тилин үйрөтүү, бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү каралууда. Учурда ОшМУда 200гө жакын кытайлык студент окуп жатат.

Аталган институттун өкүлү Чжао Туаньцз бул ОшМУга болгон алгачкы сапары экенин белгилеп, кызматташууну төрт багытта өнүктүрүү пландалып жатканын айтты. 

“Келишимдерди жаңылоо, студенттерди эки жакта окутуу, эл аралык олимпиадаларга даярдоо жана университет аймагында окуу-практикалык база куруу негизги багыттардан болуп саналат”, –дейт ал.

ОшМУда 2013-жылдан бери кыргыз-кытай факультети иштеп келет. Анда лингвистика, кытай таануу жана филология багыттары боюнча бакалавр, магистрлер даярдалат.

 

Фото галерея