ОшМУда көкүрөк рагын алдын алуу боюнча эл аралык долбоор талкууланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда көкүрөк рагын алдын алуу боюнча эл аралык долбоор талкууланды

Image

Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) 13–14-апрель күндөрү Польша–Кыргызстан RITA эл аралык долбоорунун алкагында чет өлкөлүк делегациянын расмий сапары өтүүдө.

13-апрелде университеттин ректору Кудайберди Кожобеков долбоордун координатору Александр Скалий, польшалык онколог Витольд Ковальский, онко-дерматолог Михаил Клаг баштаган конокторду кабыл алды. Жолугушууда тараптар «Кыргызстандагы жаштар арасында көкүрөк рагын алдын алуу боюнча Польша тажрыйбасы» долбоорунун жүрүшүн талкуулап, билим берүү жана медицина тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин карашты.

Жыйындын жүрүшүндө Польша–Кыргызстан кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Александр Скалийге «ОшМУнун ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.

Андан соң иш-чара университеттин чоң жыйындар залында уланды. Анда долбоордун жыйынтыктары, анын мааниси, ишке ашырылышы боюнча баяндамалар жасалды. Ошондой эле көкүрөк безинин рагын алдын алуу боюнча кыргыз-поляк биргелешкен профилактикалык программа тааныштырылып, анын саламаттык сактоо системасындагы орду белгиленди.

Жыйынга Ош шаарындагы онкологиялык кызматтын өкүлдөрү жана университеттин адистери катышып, акыркы сегиз ай ичинде аткарылган иштер тууралуу маалымат беришти. Польша-Америка фондунун өкүлү Силвия Гавойник онлайн форматта кошулду.

Эртең, 14-апрелде польшалык онколог, профессор Витольд Ковальский ОшМУнун клиникасында бейтаптарды акысыз кабыл алат. Ошондой эле эл аралык конференция өткөрүлүп, анда медицина тармагындагы адистердин тажрыйба алмашуусу, келечектеги кызматташтык багыттары талкууланат.

RITA эл аралык долбоорунун негизги максаты жаштар арасында көкүрөк рагын эрте аныктоо жана алдын алуу маданиятын калыптандыруу болуп саналат. Анын алкагында студенттер, дарыгерлер үчүн семинарлар, тренингдер өткөрүлүп, өз алдынча текшерүү боюнча кыргыз-поляк программасы ишке киргизилген. Калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, медициналык кароолор уюштурулган.

Мындан тышкары 2025-жылдын сентябрь айында ОшМУнун окутуучулары Аида Келдибекова, Жылдыз Тойчуева, Жайнагүл Абдирасулова, Мээримгүл Бусурманкул Польшанын Быдгощ шаарында тажрыйба алмашуудан өтүп келишкен.  Долбоорду Эл аралык медициналык факультетинин деканы Роман Калматов координациялады.









 

Фото галерея