ОшМУнун студенттери эл аралык олимпиадага жолдомо алышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенттери эл аралык олимпиадага жолдомо алышты

Image

Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун «Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ» кафедрасынын студенттери статистика боюнча жогорку окуу жайлар аралык республикалык олимпиадада экинчи орунду ээледи. 

Команданын курамында Нурболот Туйгунов, Бекжан Саттаров жана Асемай Кеңешбек кызы болду. Аларды окутуучу Уулжан Насирдинова даярдады.

Олимпиада эки баскычта өттү. Биринчи турга республика боюнча 25 команда катышып, алардын ичинен 11 команда финалга чыкты. ОшМУнун командасы бардык этаптардан ийгиликтүү өтүп, терең билимин жана аналитикалык жөндөмдөрүн көрсөтө алды.

Финалдык баскыч 7-апрелде Бишкекте Улуттук статистика комитетинин базасында өттү. Эми ОшМУнун студенттери Москва шаарында өтө турган эл аралык студенттик статистика олимпиадасында Кыргызстандын намысын коргошот. 

Фото галерея