Тамбов мамлекеттик университети менен кызматташтык кеңейтилет

Башкы Жаңылыктар

Тамбов мамлекеттик университети менен кызматташтык кеңейтилет

Image

Бүгүн, 1-апрелде Ош мамлекеттик университетине Орусиянын Тамбов мамлекеттик университетинин ректору Павел Моисеев баштаган делегация келди. Конокторду ректор Кудайберди Кожобеков кабыл алды.

Жолугушууда эки окуу жайдын ортосунда буга чейин түзүлгөн кызматташтык келишиминин алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер жана келечектеги пландар талкууланды. Тараптар биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу, академиялык байланыштарды кеңейтүү боюнча пикир алмашышты. Жыйынтыгында эки тарап академиялык мобилдүүлүк боюнча жаңы келишимге кол коюшту.

Күндүн экинчи жарымында делегация “Next Generation Hub – Жаңы муундун хабы” робототехника борбору, университеттин кампусу, Эл аралык медициналык факультети жана  медициналык клиника менен таанышат. Ал эми 2-апрелде орусиялык окумуштуулар жана адистер Филология жана маданияттар аралык коммуникация, Педагогика, искусство жана журналистика, Экономика, бизнес жана менеджмент институттарында, ошондой эле Эл аралык билим берүү программалары жогорку мектебинде конок лекцияларды өтүшөт.
 

Фото галерея