Анжиян мамлекеттик университетинин окутуучусу конок лекция окуду

Башкы Жаңылыктар

Анжиян мамлекеттик университетинин окутуучусу конок лекция окуду

Image

4-мартта ОшМУнун Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун орус жана салыштырма тил илими кафедрасында Анжиян мамлекеттик университети тарабынан конок лекция уюштурулду.

Лекцияны аталган университеттин окутуучусу Мавжудахон Ураимова «Орус тили жана адабияты сабактарында сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү үчүн инновациялык окутуу ыкмалары», Марина Махмудова «Күлкү менен трагедиянын ортосунда: А.П. Чеховдун көркөм дүйнөсү», Камиля Байбекова «Эски орус адабиятынын пайда болуу себептери жана жанрлары» темасында лекция окушту.

Иш-чара студенттер менен окутуучулардын кесиптик билимин тереңдетүү, илимий-методикалык тажрыйба алмашуу, эки жогорку окуу жайдын ортосундагы академиялык кызматташтыкты чыңдоо максатында уюштурулду.

Жолугушууда мындай кызматташтык биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлорду ишке ашырууда, методикалык материалдарды алмашууда, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүүдө жана кош тилдүүлүк менен маданият аралык билим берүү багытында адистерди даярдоодо маанилүү экени белгиленди.

“Делегациянын курамында 3 окутуучу, 13 студент бар, алар 2-марттан 7-мартка чейин ОшМУда болуп, түрдүү иш-чараларга катышат”, -деди орус жана салыштырма тил илими кафедрасынын башчысы Венера Суркеева.  

 

Фото галерея