ОшМУнун STEM инновациялык коллежинин окутуучулары 28-февралда Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад коллежинде «Голография – келечектин технологиясы» аталышында конок лекция өтүштү.
Лекцияны физика предметинин окутуучулары Айкөкүл Садыкбекова, Уулжан Абдукадырова, Гүлсүн Токторбаева жана Айсулуу Аманбай кызы өткөрүштү. Катышуучуларга голографиянын илимий негиздери, физикалык принциптери, заманбап технологияларда колдонулушу тууралуу маалымат берилди.
Теориялык бөлүк практикалык иштер менен коштолуп, студенттер жана окуучулар голограммаларды өз алдынча жасап көрүштү. Бул бөлүк жаштардын кызыгуусун жаратып, алар активдүү суроолорду берип, талкууга катышышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар илимий-методикалык кызматташууну мындан ары да улантуу боюнча макулдашты. Активдүү катышкан окуучуларга ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Иш-чара доцент, профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн башчысы Байсал Сатыбалдиевдин жетекчилиги алдында уюштурулду.