Ош мамлекеттик университетинин студенттери эл аралык онлайн олимпиадада ийгилик жаратып, байгелүү орундарды ээледи.
27-февралда Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде англис, немис, француз жана испан тилдери боюнча эл аралык онлайн олимпиада өттү. Ага ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Европа жана Америка интеграциясы бөлүмүнүн студенттери катышты. Жыйынтыгында Нурзада Нурбек кызы немис тили боюнча 2-орунду, Рамиль Мухаммедов англис тили боюнча 3-орунду багындырды.
Студенттер олимпиадага бөлүмдүн улук окутуучусу Нурзада Эргешованын демилгеси жана окутуучулардын жетекчилиги астында даярданып катышкан.
Сынакта чет тили адистиги боюнча окубаган, бирок ар кыл багыттарда билим алып жаткан Беларусия, Каракалпакстан, Казакстан жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттери күч сынашты.
Олимпиада студенттерди чет тилдерин үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттыруу, алардын социомаданий, лингвомаданий компетенцияларын өнүктүрүү максатында уюштурулду.