1-мартта футбол боюнча Кыргызстандын Жогорку лигасы старт алды. Жаңы сезондун алгачкы турунда «ОшМУ» футбол клубу «Кыргыз-Алтын» командасы менен беттешип, оюн тең эсеп менен жыйынтыкталды.
Беттеш курч жана кызыктуу өттү. Эки команда тең активдүү чабуул коюп, күйөрмандарга чыңалган оюн тартуулады. Жыйынтыгында тараптар упай бөлүштү.
Эми «ОшМУ» футбол клубу 7-мартта «Алга Бишкек» командасына каршы талаага чыгат.
Белгилей кетсек, жаңы сезонго карата команда олуттуу даярдык көрдү. Футболчулар Өзбекстанда окуу-машыгуу жыйынын өткөрүштү. Ошондой эле курамга он жаңы оюнчу кошулду. Алар Кыргызстан, Бразилия, Орусия, Беларусь жана Өзбекстандан келишкен.