Бүгүн, 25-февралда Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) сайттарга жооптуу кызматкерлердин катышуусунда маалымат коопсуздугу жана жеке маалыматтарды коргоо маселелерине арналган жыйын уюштурулду.
Анда IT академиясынын директору Айтибек Абдирасулов издөө системаларындагы (Google, Yandex ж.б.) ачык маалыматтарга байланыштуу жагдайларга токтолду. Ал университеттин студенттеринин, окутуучуларынын жана кызматкерлеринин жеке маалыматтарын коргоо багытында аткарылышы зарыл болгон иштер тууралуу маалымат берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө издөө системалары аркылуу айрым учурларда жеке маалыматтар ачык жеткиликтүү болуп калуу коркунучу бар экендиги белгиленди. Мындан улам маалымат коопсуздугун күчөтүү жана сайттардагы контентке көзөмөлдү жогорулатуу зарылдыгы айтылды.
Жыйынтыгында тиешелүү кызматкерлерге маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жана жеке маалыматтарды коргоо боюнча иштерди системалуу жүргүзүү тапшырмасы берилди.