24-февралда Ош мамлекеттик университетинде студенттер арасында «Жаркыра, жаш талант!» чыгармачылык сынагы өтүп, мыктылар аныкталды.
Сынакты окуу жайдын коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева ачып, чыгармачыл студенттерге ар дайым колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.
Жобого ылайык, тандоо туруна өткөн 30 студенттин ичинен 19 катышуучу финалда өнөрүн тартуулады. Калыстар тобу аткаруучулук чеберчилигин, сахна маданиятын, үндүн тазалыгын жана чыгарманы ачып берүү деңгээлин баалады. Жеңүүчүлөр эки багыт боюнча аныкталды.
Искусство багытында билим алган студенттер:
Башка багытта билим алган студенттер арасынан:
Долбоор студенттердин чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, таланттуу жаштарды аныктоо жана маданий эс алуусун мазмундуу уюштуруу максатында өткөрүлдү. Жеңүүчүлөргө саякатка жолдонмолор, акчалай сыйлыктар, баалуу белектер, дипломдор тапшырылды. Иш-чараны Рыспай Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борбору уюштуруп, жаш таланттарды колдоого багытталды.