24-февралда Ош шаарында президенттин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жарлыгына ылайык өткөрүлүп жаткан чыгармачыл союздардын жана илимий интеллигенциянын республикалык форумунун алкагында илимий жыйын уюштурулду.
Ага Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары активдүү катышып, илимий баяндамаларын сунушташты. Профессор-культуролог Тамара Кадырбаева «Кыргыздардын руханий маданиятын сактоо жана өнүктүрүү маселелери», доцент Махпурат Султанова «Кыргыз этногенезинин өзгөчөлүктөрү», доцент Чыныкан Сатыбалдыева «Азыркы жаштар жана ааламдашуу», окутуучу Венера Алтымышова «Мурунку жана азыркы маданият», окутуучу Зарлыкбек Солтоев «Кыргыз элинин руханий баалуулуктарынын өзгөчөлүктөрү» темаларында баяндама жасашты.
Баяндамалардын алкагында улуттук иденттүүлүк, этногенез, руханий мурастарды сактоо жана глобалдашуу шартындагы жаштардын баалуулуктары боюнча мазмундуу талкуу жүрдү.
Талкуунун жыйынтыгында 24–25-март күндөрү Бишкек шаарында өтө турган республикалык форумга катышуу үчүн ОшМУнун окутуучусу Зарлыкбек Солтоевге расмий жолдомо берилди.
Иш-чара илимий интеллигенциянын кызматташуусун чыңдоого, улуттук руханий мурастарды даңазалоого, коомдогу маданий-илимий диалогду өнүктүрүүгө багытталды. Аны Ош мэриясынын Маданият жана жаштар башкармалыгы менен Сулайман-Тоо музей комплекси уюштурду.