Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Саламат Боёнов жана төраганын орун басары Айбек Кудайкулов ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугушту.
Жолугушуу 24-февралда Ош мамлекеттик университетинде болду. Анда жамааттык келишимдин аткарылышы, университет кызматкерлеринин эс алуусун уюштуруу, эмгекти коргоо жана алардын укуктарын камсыз кылуу сыяктуу маселелер талкууланды.
Тараптар кызматкерлердин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, коопсуз жана татыктуу эмгек шарттарын түзүү зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле мыйзамдардын алкагында укуктарын коргоо боюнча кызматташууну мындан ары да күчөтүү белгиленди.
Жыйынтыгында жамааттык келишимдин жоболорун толук кандуу ишке ашыруу жана кызматкерлердин кызыкчылыгын коргоо багытындагы биргелешкен иштерди улантуу тууралуу макулдашууга жетишилди.