ОшМУнун окумуштуулары эл аралык конференцияга катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окумуштуулары эл аралык конференцияга катышты

Image

Тажикстандын Душанбе шаарында 29-июнда "Күрт кой тукумунун генетикалык жана өндүрүмдүү мүнөздөмөлөрүн өркүндөтүүнүн абалы жана келечеги" аттуу  эл аралык илимий-практикалык онлайн конференциясы болуп өттү.

Конференциянын пленардык жыйынында ОшМУдан Табият таануу жана география факультетинин айыл чарба кафедрасынын башчысы Рахима Муратова жана аталган кафедранын профессору Абдыгани Абдурасуловдор баяндама жасады.

Эл аралык илимий-практикалык конференция Тажикстан Республикасынын Мамлекеттик Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана Тажикстан Айыл чарба Илимдер Академиясынын Мал чарба жана жайыттар институтунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналып уюштурулду.

Учурда ОшМУнун Табият таануу жана география факультетинин агрономия, ветеринария адистиктеринде 200дөн ашуун студенттер билим алышат.