ОшМУда окуу иштери боюнча проректор алмашты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда окуу иштери боюнча проректор алмашты

Image

Ош мамлекеттик университетинде кадрдык өзгөрүү болду. Окуу иштери боюнча проректор Руслан Арапбаев башка жумушка которулгандыгына байланыштуу кызматынан бошотулду. 

Анын ордуна Уларбек Молдояров дайындалды. Тиешелүү буйрукка ректор Кудайберди Кожобеков 23-февралда кол койду. Ага чейин ал Санариптик трансформациялоо жана электрондук билим берүү боюнча проректор болуп турган. 

43 жаштагы Уларбек Молдояров бул кызматта 2023-жылдан бери иштеп келген. Буга чейин университеттин Медиа борборун жана IT академиясын жетектеген. Ал физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент. Илимий багытта 37 макаланын автору.