ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Европа жана Америка интеграциясы бөлүмүнүн улук окутуучусу Нурзада Эргешова окуучулар үчүн Менин кесибим жана мен иштеген университет аттуу класстык саат өтту. Жолугушуу 21-февралда Ош шаарындагы окуу комплекстеринин биринде болду.
Анда окутуучу өзүнүн тандаган кесиби жана ишмердүүлүгүнө токтолду. Ошондой эле университеттин билим берүү мүмкүнчүлүктөрү, эл аралык программалары, чет өлкөлөр менен кызматташтык багыттары боюнча кеңири маалымат берди. Иш-чара ОшМУ тууралуу видео тасма көрсөтүү менен жыйынтыкталып, окуучулар университетте билим алууга чакырылды.
Мындан тышкары Нурзада Эргешова окуу комплексинде уюштурулган "Окурман үй-бүлө" сынагына катышты. Мелдеште англиялык балдар жазуучусу Холли Веббдин "Мейзи Хитченс" чыгармасы боюнча билимдер текшерилди. Ал чыгарманын идеялык мазмунун терең ачып, каармандардын образдарын талдоодо жогорку чеберчилик көрсөтүп, калыстар тобунун жогорку баасына ээ болду. Жыйынтыгында баш байгени жеңип, диплом жана баалуу белектер менен сыйланды.