ОшМУда орус тилинин жумалыгы жыйынтыкталды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда орус тилинин жумалыгы жыйынтыкталды

Image

16–20-февраль күндөрү Филология жана маданияттар аралык коммуникациялар институтунда Орус тилинин жумалыгы өтүп, ар кыл билим берүүчү жана чыгармачылык иш-чаралар менен коштолду.

Жумалыктын алкагында студенттер арасында орус тили боюнча олимпиада өттү. Катышуучулар грамматика, лексика, текст талдоо жана оозеки сүйлөө боюнча билим деңгээлин сынашты. Ошондой эле «Орусия тууралуу ырларды мыкты аткаруу» сынагы өтүп, студенттер вокалдык чеберчилигин көрсөтүштү. Орус эл жомоктору сахналаштырылып, көркөм окуу боюнча мелдеште орус акын-жазуучуларынын чыгармаларынан үзүндүлөр аткарылды. Анда катышуучулардын тил байлыгы, дикциясы жана сахна маданияты бааланды.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр дипломдор, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Мындан тышкары окуудагы жетишкендиктери, коомдук иштердеги активдүүлүгү үчүн институттун студенти Каныкей Жалоловага К.Абдиев атындагы стипендия ыйгарылды. 

Жумалыктын жабылыш аземине Оштогу Орус илим жана маданият үйүнүн директору Дмитрий Аврам, орус тили жана билим берүү программалары боюнча куратор Елена Куканбаева катышып, иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилешти. Алар студенттердин активдүүлүгүнө жана окутуучулардын эмгегине жогору баа берип, институт жамаатына ыраазычылык билдиришти.

«Тилдер бар – дарыядай, ал эми орус тили – океандай» деген ураан алдында өткөн жумалык студенттердин тилге болгон кызыгуусун арттырууга, көркөм сөз маданиятын өнүктүрүүгө жана маданияттар аралык байланышты чыңдоого багытталды. Жумалыкты Орус тилинин практикалык курсу кафедрасы уюштурду. 

Фото галерея