Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кытай тили жана корей тили адистигинин 2-курсунун студенттери академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында ОшМунун эл аралык билим берүү программалары колледжинде бир ай билим алышат.
Студенттер колледж директору Мелис Маматжан уулу жолугушуп, окуу процесси, билим берүү программалары, ички тартип эрежелери жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат алышты. Жолугушуунун жүрүшүндө академиялык мобилдүүлүк программасынын студенттердин кесиптик өнүгүүсүнө кошкон салымы жана билим берүү сапатын жогорулатуудагы мааниси белгиленди.
Программа студенттерге жаңы билим алуу, тажрыйба алмашуу жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын ортосунда кызматташууну чыңдоо мүмкүнчүлүгүн берет.