«Азия-Старт» гимназиясынын мугалимдери ОшМУда квалификациясын жогорулатты

Башкы Жаңылыктар

«Азия-Старт» гимназиясынын мугалимдери ОшМУда квалификациясын жогорулатты

Image

Ош шаарындагы «Азия-Старт» мектеп-гимназиясынын 20 мугалими январь айында Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу борборунда 72 сааттык атайын курстан өтүштү.

Алар «Билим берүү тенденциялары: окуучуга багытталган билим берүү» аттуу курста заманбап окутуу усулдары, окуучунун жеке өзгөчөлүгүнө жана кызыгуусуна ылайык билим берүү технологиялары боюнча теориялык жана практикалык билимдерин кеңейтишти. Ошондой эле окуучуга багытталган билим берүүнүн учурдагы тенденциялары жана инновациялык педагогикалык ыкмалар талкууланды.

Окуу ийгиликтүү аяктагандан кийин катышуучуларга мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттар тапшырылды.

Квалификацияны жогорулатуу борбору педагогикалык жана педагогикалык эмес адистер үчүн кыска мөөнөттүү курстарды уюштурууга лицензияга ээ. Борбордо биринчи медициналык жардам көрсөтүү, ашпозчулук, тигүү, укалоо, музыкалык аспаптарда ойноо, бармен жана официант адистиктери, ошондой эле кыргыз, орус, англис, араб, немец, корей, кытай, жапон тилдери боюнча курстар бар.

Мындан тышкары ЖРТга даярдоо, 1С бухгалтерия, компьютердик графика, программалаштыруу, бухгалтердик эсеп, информатика, мамлекеттик сатып алуулар, каржы жана салыктар, декоративдик колдонмо искусствосу, уюлдук телефондорду оңдоо, техникалык тейлөө, бизнести долбоорлоо сыяктуу багыттар боюнча да окуулар жүргүзүлөт.





 

Фото галерея