Ленинград курчоосунун бошотулганынын 82 жылдыгы белгиленди 

Башкы Жаңылыктар

Ленинград курчоосунун бошотулганынын 82 жылдыгы белгиленди 

Image

ОшМУнун Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун Орус тили борборунда Ленинград блокадасынын бошотулагынын 82 жылдыгына арналган иш-чара өттү.

Ага институттун окутуучулары, студенттери жана магистранттары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө аскердик курчоонун тарыхый фактылары, шаар тургундарынын эрдиги жана согуш учурундагы Ленинград жөнүндө маалымат берилди. Тематикалык презентациялар, күбөлөрдүн окуялары, видео материалдар көрсөтүлүп, талкуу уюштурулду.

Иш-чара студенттердин орус тилиндеги тарыхый тексттерди түшүнүү жана чечмелөө көндүмдөрүн, сөз байлыгын кеңейтүүгө багытталды.

Ленинградды курчоо – блокада Улуу Ата Мекендик согушта немис, фин аскерлери жана алардын союздаштары тарабынан 872 күнгө созулган. Ал убакта Кыргызстан Ленинграддан эвакуация болгон 16 миң адамды, анын ичинде 3 500 баланы кабыл алган. Ошондой эле Кыргыз ССРинен шаарга 103 вагон гуманитардык жардам – азык-түлүк жана кийим-кече жеткирилген. Миңдеген кыргызстандыктар Ленинградды бошотуу үчүн күрөшкөн.


 

Фото галерея