22-январда Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетинде жумуш берүүчүлөр жана өнөктөштөр менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууну факультеттин деканы Ниязали Арипов ачып, теология адистигинин өзгөчөлүктөрү, бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногундагы орду тууралуу маалымат берди. Ошондой эле окуу программасынын мазмуну, студенттердин кесиптик даярдыгы жана жумуш берүүчүлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Жумуш берүүчүлөр окуу процессин практикага жакындатуу, классикалык диний билимди тереңдетүү, укуктук-нормативдик актыларды кеңири окутуу, практик адистерди сабактарга тартуу жана студенттерди кесиптик багытына жараша даярдоо боюнча бир катар сунуштарын беришти.
Иш-чаранын негизги максаты – билим берүү программасын жакшыртуу жана бүтүрүүчүлөрдүн жумуш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болду.