Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) өкүлдөрү Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы эл аралык программа алкагында өткөн «Санарип маркетинг жана E-commerce» аттуу тренингге катышты.
Тренинг 16–17-январь күндөрү «CACSARC-KG» коомдук фонду тарабынан, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстандагы ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын колдоосу менен уюштурулду.
Иш-чарага ОшМУдан Бизнес парктын директору Эрлан Камалов, Чийүү жана эмгек кафедрасынын доценти, дизайнер Зура Турдубаева, Индустриалдык-педагогикалык колледжинин кесиптик дисциплиналар циклынын окутуучулары Элина Молдокулова, Гулзада Жоробекова, аспирант-дизайнер Айтурган Турдубаева катышты.
Тренингде салттуу кол өнөрчүлүк буюмдарын санариптик маркетинг аркылуу илгерилетүү, электрондук сооданын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу, креативдүү экономика жана маданий туризмди өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле кол өнөрчүлүк жана дизайн багытындагы стартаптарды түзүү, рынокко ылайык бизнес-моделдерди иштеп чыгуу боюнча практикалык сунуштар берилди.
Катышуучулар эл аралык эксперттер менен тажрыйба алмашып, университет, бизнес жана креативдүү индустриялардын кызматташтыгын бекемдөөнүн жолдору менен таанышты. Буга чейин бул долбоордун алкагында Бизнес паркта атайын эки күндүк тренинг уюштурулган.
Аталган иш-чара «Өнүгүү үчүн эки тараптуу расмий жардам (ODA)» эл аралык программасынын алкагында өттү. Программа өлкөдө салттуу кол өнөрчүлүк буюмдарын өндүрүүнү өнүктүрүү, аларды санариптик платформалар аркылуу илгерилетүү жана маданий туризмди жогорулатууга багытталган.